<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
. Dm               A
 Үйлөнүшүп эки жаш жуп болуптур,
.Dm
 жар-жар,
.Dm           G    C
 Теңир курган ак үйгө кут конуптур,
.F
 эй жар-жар.
.Dm            Gm       C
 Толкуп келген мейманга той баштайлы,
.F
 жар-жар,
.C           F        Gm
 Оюн, күлкү, шаттыкка жол таштайлы,
.A   Dm
 эй жар-жар.

[V2]
 Ата-энени сыйлаган бүлө болгун, жар-жар,
 Жакшылыкка, бакытка күбө болгун,
 эй жар-жар.
 Достор келсе, кубанып тосуп алгын,
 жар-жар,
 Душманыңды жек көрбөй, сүйө билгин,
 эй жар-жар.

[V3]
 Алдыдагы жолуңар шыдыр болсун,
 жар-жар,
 Кубанычка жык толуп, гүлдүү болсун,
 эй жар-жар.
 Кол кармашып кызматта бир болгула,
 жар-жар,
 Бүгүн курган жашооңор бүрдүү болсун,
 эй жар-жар.</lyrics>
<title>Үйлөнүшүп эки жаш жуп болуптур РЫЖ360</title>
<hymn_number>360</hymn_number>
<key>Dm</key>
</song>